16.05.2018 10:14

"Нарын ГЭС" ишканасынын жумушчулар тобу маяна маселесин чечүү үчүн  Бишкекке келет

"Нарын ГЭС" ишканасынын жумушчулар тобу маяна маселесин чечүү үчүн  Бишкекке келет

Жакын арада "Нарын ГЭС" Ачык акционердик коомунун жумушчулар тобу кечиктирилген маяна маселесин чечүү үчүн  Бишкек шаарына келет. Бул туурасында Акционердик коомдун башкы директору Нурмамбет Жекшеев билдирди.

Айтымында, кечээ өткөн каршылык акциясын митинг деп айтууга болбойт.

"Бул - менин жеке демилгем. Мен аларды Бишкекке алып барууга сөз бердим. Азыр Улуттук энергохолдингдин башчысы жок болуп, биздин иш да токтоп турат", -дейт Жекшеев.

Эскерте кетсек, кечээ "Нарын ГЭС" ААКтын 50гө жакын жумушчусу 4 жылдан бери ала элек маяналарын төлөп берүү талабы менен каршылык акциясына чыгышкан.

Жумушчулардын айтымында, ишкана алардын ар бирине 100 миңден 500 миң сомго чейин карыз. 

«Нарын ГЭС» ишканасы 8 миллион сом салык төлөй элек, электр энергиясы үчүн 40 млн карызы бар. Кыштан бери 3 жолу митинг өткөрдүк. Биз Кара-Күл шаардык кеңештин депутаттары менен жолукканбыз, бирок ал эч кандай жыйынтык берген жок. Биз 2014-жылдан бери айлык маяна ала элекпиз. Жумуш токтоп калды», – дешет ишкана өкүлдөрү. 

«Нарын ГЭС» Ачык акционердик коому  Кыргызстандагы гидроэлектростанция куруу менен алектенген жападан-жалгыз ишкана.